Р.ОТУНБАЕВАНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ МАКАМЫ АЛЫНАБЫ? /20.05.2024/

Описание к видео Р.ОТУНБАЕВАНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ МАКАМЫ АЛЫНАБЫ? /20.05.2024/

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ Р.И.ОТУНБАЕВА
ЖӨНҮНДӨГҮ” А.Ш. АТАМБАЕВДИН №4 ЖАРЛЫГЫ ТОЛУГУ
МЕНЕН МЫЙЗАМСЫЗ БОЛГОН.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна, экс-спикер Кубанычбек Исабеков, КР экс-Президенти А.Ш. Атамбаевдин 2011-жылдын 2-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева жөнүндөгү" № 4 жарлыгы, ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинин 1-пунктуна толугу менен карама-каршы келерин тастыктап, ал жерде «Президент, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан бир мөөнөт 5 жылга шайланат" деп турат. Роза Отунбаева мамлекетибиздин жарандары тарабынан эч качан Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган эмес, ошол себептен 2003-жылдын 18-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-Президентинин статусу жөнүндөгү» мыйзамына шилтеме жасоо менен, “Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева жөнүндөгү” жарлыгы толугу менен токтотулсун деп кайрылды.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке